Касым - Жомарт  Токаев кезексиз президенттик шайлоодо  добуштардын 81, 31 пайызын алды

Токаев 26 - ноябрда борбор шаар Астанада өтө турган ант берүү аземинде ант берип ишин баштайт.

1909448
Касым - Жомарт  Токаев кезексиз президенттик шайлоодо  добуштардын 81, 31 пайызын алды

 Казакстанда учурдагы президент Касым - Жомарт  Токаев кезексиз президенттик шайлоодо  добуштардын 81, 31 пайызын алды.

Казакстан Борбордук Шайлоо Комиссиясы 20  -  ноябрда өлкөдө болгон кезексиз президенттик шайлоонун так жыйынтыктары билдирилди.

Ушуга караганда 6 талапкер ат салышкан шайлоодо добуштардын 81,31 пайызын алган Токаев ийгиликтүү болду.

Катталган 12 миллионго жакын шайлоочунун 8 миллион 300 миңи добуш берүүгө катышкан шайлоодо азыркы президент Токаевге 6 миллион 456 миң 393 киши добуш берди.

Калган талапкерлердин арасында Жигули Дайрабаев 3,42 пайыз (271 миң 641 адам), Каракат Абден 2,60 пайыз (206 миң 206 адам), Мейрам Кажыкен 2,53 пайыз (200 миң 907 адам), Нурлан Ауесбаев 2,22 пайыз (176 миң  116 адам ) жана Салтанат Турисбекова 2,12 пайыз (168 миң 731 адам) добуш алышкан.

Өзгөчө шайлоочулардын 5,8 пайызы (460 миң 484 адам ) бул шайлоодо биринчи жолу добуш берүү бюллетенинде орун алган «баарына каршы» вариантында добуш берди.

Токаев 26 - ноябрда борбор шаар Астанада өтө турган ант берүү аземинде ант берип ишин баштайт.



Тектеш кабарлар