Азербайжандан Францияга нааразылык нотасы...

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө Франциянын Азербайжандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Жулиен Ле Ландын Тышкы иштер министрлигине чакырылганы билдирилди.

1907361
Азербайжандан Францияга нааразылык нотасы...

Франциянын Азербайжандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Жулиен Ле Лан Азербайжандын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, нааразылык нотасы берилди.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө Франциянын Азербайжандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Жулиен Ле Ландын Тышкы иштер министрлигине чакырылганы билдирилди.

Франция сенатынын Азербайжанга каршы кабыл алган санкция чечимине жооп иретинде нааразылык нотасы берилгени маалымдалды.

Жолугушууда Франция Сенаты тарабынан кабыл алынган резолюцияда толугу менен чындыкка дал келбеген, негизсиз жана жалаа жабуучу жоболор бар экендиги жана Азербайжан тарабынан кескин түрдө четке кагылганы айтылды.

Чечимдин ачыктан-ачык чагымчыл экени жана тынчтык процессине салым кошобуз деген Франциянын Арменияга тарап болгону жана бир тараптуу позициясын дагы бир жолу ачык көрсөткөнү белгиленди.

Франциянын бул кадамынын бири-биринин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн өз ара таануу жана урматтоо негизинде аймакта тынчтыктын орношуна, өзгөчө Азербайжан менен Армениянын ортосундагы мамилелердин нормалдашуусуна олуттуу сокку уруу максатын көздөп жатканы жана аймактагы тынчтыкка каршы күчтөрдү кубаттаганы белгиленди.

Сөз болуп жаткан чечим эл аралык укуктун нормаларын жана принциптерин одоно бузганы, ошондой эле 1993-жылы Азербайжан менен Франциянын ортосунда түзүлгөн достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык келишиминин 2-беренесинин 3-пунктундагы милдеттенмелерге толугу менен карама-каршы келгени белгиленди.

Жолугушууда Азербайжан тарап Азербайжандын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө каршы аракеттерден жана билдирүүлөрдөн баш тартууну талап кылганы айтылды.

Франциянын убактылуу ишенимдүү өкүлү Жулиен Ле Лан болсо, Азербайжан тараптын өтүнүчүн керектүү органдарга жеткире турганын билдирди.



Тектеш кабарлар