Алиев: «Карабахта жашагысы келгендер менен сүйлөшүүгө даярбыз»

Алиев Европа Биримдигинин Чыгыш өнөктөштүгү боюнча атайын өкүлү Дирк Шубель баштаган Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү жана айрым Чыгыш өнөктөштүк өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнөн турган делегацияны кабыл алды.

1907645
Алиев: «Карабахта жашагысы келгендер менен сүйлөшүүгө даярбыз»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабахта жашаган жана жашоону каалаган армяндар менен укуктары жана коопсуздук маселелерин талкуулоого даяр экендиктерин билдирди.

Алиев Европа Биримдигинин Чыгыш өнөктөштүгү боюнча атайын өкүлү Дирк Шубель баштаган Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү жана айрым Чыгыш өнөктөштүк өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнөн турган делегацияны кабыл алды.

Азербайжандын Чыгыш өнөктөштүгүн мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкка караганда Европа Биримдиги менен кызматташтыкты күчтөндүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүк катары караганын белгилеген Алиев, жаңы геосаясий шарттардан улам азыркы механизмдерди кайра карап чыгуу зарылдыгын айтты.

ЕБ делегациясынын Бакудан мурда Ереванга барганын эске салган Алиев, «Биз тынчтыкты каалайбыз», деген Армениянын билдирүүлөрү манипуляция экенин баса белгиледи.

Алиев: «Анткени алар (армяндар) чындап эле тынчтыкты кааласа, алар биздин сунушубузга жооп беришмек. Согуш аяктагандан кийин эле тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштаган биз элек. Адилеттикти күч менен орнотуу жана душманды жеңгенден кийин жылдар бою басып алынган жерлер үчүн тынчтык сунуш кылуу дүйнөлүк тарыхта сейрек учурайт. Биздин жерлер Армения тарабынан кыйратылып, өрттөлгөнүнө жана азербайжандардын азап чеккенине карабай тынчтыкты сунуш кылдык. Беш беренеден турган тынчтык текстин сунуш кылдык. Дал ушул биз мамилелерди нормалдаштыруунун негизин аныктоого аракет кылганбыз. Армения бул процесстин биринчи этабында абдан олку-солку болгон. Азыр алар тынчтык жөнүндө айтып жатышат, бирок биз алар үчүн тынчтык эмнени билдирерин түшүнбөй жатабыз»,-деп айтты.

Карабахтагы армяндардын укуктары жана коопсуздугу тууралуу Ереван менен сүйлөшпөй тургандарын билдирген Алиев: «Биз Карабахта жашаган жана ал жакта жашагысы келген адамдар менен сүйлөшүүгө даярбыз. Ал арада бул процесс башталды»,-деп айтты.

Алиев, Карабахта армяндар менен болгон жолугушууда Европа Биримдиги, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Орусиянын Азербайжанды колдой турганын ойлогон консенсус болушу керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар