Президент Садыр Жапаров Президент Эрдоганга Стамбулдагы жардырууга байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга Стамбулдагы жардырууга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

1906300
Президент Садыр Жапаров Президент Эрдоганга Стамбулдагы жардырууга байланыштуу көңүл айтты
Türkiye-Kırgızistan Bayrak.jpg

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга жолдогон көңүл айтуу кайрылуусунда "Ушул жылдын 13-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарынын Истиклал көчөсүндөгү жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы бул террордук актыны кескин түрдө айыптайт жана эл аралык коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшкө багытталган аракеттерин толугу менен колдойт. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм” – деп айтылат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентопко даректелген көңүл айтуу телеграммасында “Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы жардыруунун каргашалуу кесепеттерин абдан тынчсыздануу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтам жана жарадарлардын тез сакайып кетишин каалайм”- деп айтылат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуга жолдогон көңүл айтуу кайрылуусунда “2022-жылдын 13-ноябрында Стамбул шаарынын Истиклял көчөсүндө болгон жарылуу жөнүндө жана анын натыйжасында бир нече адамдын курман болгондугу тууралуу суук кабарды алдым. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең көңүл айтам, жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетишин тилейм, ал эми боордош түрк элине тынчтыкты жана бейпилдикти каалайм” – деп айтылат.

Булак; КРнын Түркиядагы Элчилиги

 



Тектеш кабарлар