Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Татардан ЕБге жооп

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар, Европа Биримдиги (ЕБ) Тышкы байланыштар кызматынын өлкөсүнүн Түрк Мамлекеттер Уюмуна (TМУ) байкоочу мүчө болушуна байланыштуу билдирүүсүнө реакция жасады.

1905795
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Татардан ЕБге жооп

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар, Европа Биримдиги (ЕБ) Тышкы байланыштар кызматынын өлкөсүнүн Түрк Мамлекеттер Уюмуна (TМУ) байкоочу мүчө болушуна байланыштуу билдирүүсүнө реакция жасады.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенттигинин билдирүүсүндө,«Европа Биримдиги өзүнүн негизги принциптеринен алыстап, аларга каршы иш-аракетин улантып, Кипрге карата бир жактуу позициясын карманып жатканын түшүнгөн өкүнүчтүү билдирүү дагы бир жолу ачыкка чыкты жана Түштүк Кипрдин адилетсиз түрдө Евробиримдиктин мүчөсү болуп, андан кайрат жана күч алып, тилекке каршы, бул мүчөлүгүн коркутуу жана шантаж элементи катары колдонууга жана анын ымырасыз мамилесин сактоого кызмат кылууда»,делди.

Евробиримдиктен күтүлгөндүн кипрлик түрктөрдүн эгемендүүлүк талабын эске алуусу жана ошого жараша иш-аракет кылышы экени баса белгиленип, Аннан планынын алкагында өткөрүлгөн референдумга түрк тараптын көбүнчө «макул» добушун бергенине карабастан, түрк тараптын ЕБ тарабынан жазаланганы белгиленди.

Кипр түрк тарабынын 1968-жылдан бери Түркия менен болгон сүйлөшүүлөрдө конструктивдүү мамиледе болгону белгиленген билдирүүдө төмөнкүдөй көз караштар орун алды: «Европа Биримдигинен Кипр түрк элинин эркин жана бул саясаттын зарылчылыгы катары ташталган кадамдарды урматтоосун күтөбүз. Кипрде эң аз дегенде кипрдик румдардай эгемендүү жана тең укуктуу эл Кипр Түркүнүн эң табигый укугу болгон эл аралык мамилелерин өнүктүрүшүн да кабыл ала албаган бул эскирген түшүнүк менен максатталганы, кипрлик түрктөрдү бардык мааниде дүйнөдөн обочолонтуу, алардын дем алышына жол бербөө, коркутуу жана рум тараптын федерациясына жамоо...

Мындай эскирген жана жалпы адам укуктары менталитетине каршы туруу биздин келечек муундардын жана элибиздин алдындагы эң чоң милдетибиз. Элибиз кызуу колдогон негизги мекенибиз Түркия менен бирге алдыга койгон жана эгемендүү теңдикти жана тең эл аралык статусубузду каттоону максат кылган жаңы саясат Кипр түрк элинин эгемендигин коргой турганын бардык шарттарда жана кадам сайын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын статусун жогорулатаарын ачык белгилегибиз келет. Түрк Мамлекеттери Уюмуна байкоочу мүчө катары кабыл алынган Түндүк Кипр Түрк Республикасы ишенимдүү кадамдар менен намыстуу күрөшүн басаңдатпай улантат».

Бир тараптан Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Үнал Үстел да жазуу түрүндөгү билдирүү жасап, ЕБге реакция жасады.



Тектеш кабарлар