Татардан Греция жана Кипр рум бөлүгүнө жооп

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, өлкөсүнүн Түрк Мамлекеттери Уюмуна (TМУ) «байкоочу мүчө» статусу тууралуу билдирүү жасаган Греция жана Түштүк Кипр Рум Башкаруусунун жооптуу кызматкерлерине жооп катары катуу айтты.

1905644
Татардан Греция жана  Кипр рум бөлүгүнө жооп

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, өлкөсүнүн Түрк Мамлекеттери Уюмуна (TМУ) «байкоочу мүчө» статусу тууралуу билдирүү жасаган Греция жана Түштүк Кипр Рум Башкаруусунун жооптуу кызматкерлерине жооп катары, таанылуу жолунда ТКТРдин статусунун жогорулатылышына тоскоол боло албай турганын белгиледи.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенттигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) 9-ТМУ Лидерлер саммитинде байкоочу мүчө катары кабыл алынышына каршы Греция менен Кипрдин Рум башкаруусунун катуу кол салууларды жасаганы белгилеп: «ТКТРдин статусунун таанылуу жолунда көтөрүлүшүнө бөгөт коюу мүмкүн эмес»,- деди.

Кипрдин Түрк тарабынын эки тең эгемендүү мамлекетке негизделген чечим сунушунан артка чегинбей турганы баса белгиленип  Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөрүлгөн ТМУнун 9-Лидерлер саммитинде ТКТРдин конституциялык аталышы менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы аты менен байкоочу мүчө катары кабыл алынышы чоң ийгилик болгону жана өлкөгө жаңы статус бергени баса белгиленди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын алган жаңы статусун көрө албаган грек-рум дуэтинин бул ийгиликке жол бербөө үчүн Кипрге байланыштуу чындыктарды жашыруу менен Түркия Республикасына жана Түндүк Кипр Түрк Республикасына каршы жаңы кол салуу кампаниясын баштаганы баса белгиленип, буларга орун берилди:«Рум тараптын Тышкы иштер министрлиги, Грециянын Тышкы иштер министрлиги жана Рум тараптын саясий партиялары тарабынан жасалган билдирүүлөр рум-грек дуэтинин Кипр маселесин чечүү тууралуу үстөмдүк жана терс мамилеси менен биздин эгемендик теңдикке жана тең эл аралык статусубузга каршы экенин дагы бир жолу ачыкка чыгарды».

Рум-Грек дуэтинин билдирүүсүндө, ишке ашырыла албаган федералдык негиздеги келишимдин дагы эле талап кылынганына көңүл бурулуп, эң чоң тынчсызданууларынын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын статусун көтөрүү экени баса белгиленип, мындай билдирүүлөр камтылган:«Алар мунун алдын алуу үчүн чоң мобилизацияны башташты, бирок рум-грек дуэти жана башка державалар ТКТРдин таануу жолунда статусунун көтөрүлүшүнө тоскоол боло алышпайт.

Бул курулай аракет. Жебе жаадан чыгып, бутага карай жылып баратат. Рум тарапка чакырыгым, мүмкүн болбогон кыялдардын артынан түшүүнү токтотуу жана Кипрге жана аймакка пайда алып келе турган эки башка эгемен мамлекеттин болушуна таянган чечим сунушубузга оң мамиледе болуу»,-деди.



Тектеш кабарлар