Эрсин Татар Түркияга ыраазычылык билдирди

Эрсин Татар жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1905343
Эрсин Татар Түркияга ыраазычылык билдирди
tatar.jpg
kktc-ozbekistan bayrak.jpg

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Түндүк Кипрдин Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) «байкоочу мүчө» катары кабыл алынышына көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

Эрсин Татар жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ТМУга «байкоочу мүчө» статусу менен кабыл алынышына көрсөткөн колдоосу үчүн президент Режеп Таййип Эрдоган, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана түрк дипломатиясына ыраазычылык билдирип: «Бул позитивдүү өнүгүүгө ого бетер шыктануу менен ар-намыстуу күрөшүбүздү басаңдатпай улантабыз»,- деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын дагы бир эл аралык уюмга кошулуусунун маанисине басым жасаган Татар: «Мамлекетибиз биринчи жолу эл аралык уюмда өзүнүн конституциялык аталышы менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы катары бул статуска ээ болду. Тарых барактарында кала турган бул окуя биз үчүн кошумча сыймык»,-деп айтты.

Президент Татар: «Учурдан пайдаланып, биздин статусубузду алдыга жылдырган бул оң өнүгүүдөн дагы да шыктануу алып, ар-намыстуу күрөшүбүздү басаңдатпай уланта турганыбызды дагы бир жолу кайталагым келет. Бүткүл элибизди жана улуу Түрк элин Түрк Мамлекеттер Уюмунда алган байкоочу мамлекет статусубуз менен куттуктайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар