Азербайжанда Карабах жеңишинин экинчи жылы белгиленүүдө

Азербайжан армиясы Карабахтын символдук шаары Шушаны 2 жыл мурун бүгүн баскынчылардан бошоткон.

1903667
Азербайжанда Карабах жеңишинин экинчи жылы белгиленүүдө

Азербайжандын борбору Бакуда Карабах жеңишинин 2 жылдыгына карата жөө жүрүш өттү.

"Жеңиш күнү" майрамынын алкагында Бакунун ар кайсы аймактарында өткөн жөө жүрүшкө жогорку окуу жайлардын студенттери жана Карабах согушунун ардагерлери катышты.

Азербайжан армиясы Карабахтын символдук шаары Шушаны 2 жыл мурун бүгүн баскынчылардан бошоткон.

2020 - жылдын 27 - сентябрында башталган кол салуу 44 күнгө созулуп, анын жүрүшүндө 300дөн ашык калктуу конуш оккупациядан бошотулду.

Азербайжан армиясынын Шушага кириши  Армения  армиясынын таркашына себеп болду жана Армения 2020 – жылы 10 – ноябрда жеңилгендигин кабыл алып, Агдам, Келбежер жана Лачын облустарынан да армиясын чыгарарына убада берген билдирүүгө кол койду.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев согуш бүткөн күн 10 -  ноябрдын Мустафа Кемалдын каза күнү болушунан улам Шуша бошотулган күн 8 - ноябрды «Жеңиш күнү» деп жарыялады.



Тектеш кабарлар