Лукашенко ЖККУнун баш катчысы Станислав Зас менен жолугушту

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжалга чекит коюлушу керектигин баса белгилеген Лукашенко, Тажикстан-Кыргызстан чек арасындагы чыр-чатакка май тамызуунун кабыл алынгыс экенине көңүл бурду.

1900683
Лукашенко ЖККУнун баш катчысы Станислав Зас менен жолугушту

Беларустун президенти Александр Лукашенко Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ), уюмга мүчө мамлекеттердин ички саясий көйгөйлөрүн чечүү үчүн түзүлбөгөнүн билдирди.

Лукашенко Минсктеги Көз карандысыздык сарайында ЖККУнун баш катчысы Станислав Зас менен жолугушту.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжалдын токтотулушу керектигин баса белгилеген Лукашенко, Тажикстан-Кыргызстан чек арасындагы чыр-чатакка май тамызуунун кабыл алынгыс экенине көңүл бурду.

Лукашенко муну ЖККУнун кийинки жыйынында да талкуулоону сунуштады.

Лукашенко ЖККУ менен иштешүүнү каалагандар менен иштеше тургандарын жана анын ушундай аскердик-саясий уюм экенин дүйнөгө көрсөтө тургандарын билдирип: «Буларды эч кандай оюндарды ойнобой, ЖККУну ички саясий маселелерди чечүүдө колдонбой эле жасайбыз. Мындай көйгөйлөр ар кимде бар, бирок биз ЖККУну бул үчүн түзгөн жокпуз»,-деп айтты.

Карабахтагы согуштун бүткөнүн жана Орусиянын ортомчу болгонун эске салган Лукашенко, Европа Биримдиги (ЕБ) менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмун (ЕККУ) аймакка тартууга аракет кылынганын, ошондой эле ЖККУну кийлигиштирүү кааланганын белгиледи.

Аймакта «оюн ойнолуп жатат» деген Лукашенко: «Ансыз деле ал жерде ортомчу бар болсо, калгандары ал жакта эмне кылат, башка кыла турган иши жоктой ЖККУну ишке киргизишет», - деди.



Тектеш кабарлар