Азербайжандыктардан кол коюу кампаниясы
Азербайжандыктар баштаган кампанияга https://www.mesopinions.com/petition/politique/appel-nom-peuple-azerbaidjanais-senat-peuple/189012 шилтемеси аркылуу кол коюуга болот.

Азербайжандыктар Франция Сенатында талкуулана турган Азербайжанга каршы резолюцияга каршы петиция баштады.
Франциянын Сенатында 15-ноябрда каралышы пландалган Азербайжанга каршы санкция киргизүүнү караган чечимге Азербайжандын ар кайсы аймактарында жашаган бир топ атуулдар кыймылга киришти.
Жарандар Франциянын mesopinions.com сайтына кол коюу үчүн ачык петиция коюп, Франция Сенатына жана француз элине кайрылышты.
Арызда сенатта талкуулана турган резолюцияда Франция жана башка Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн Азербайжандын мунай жана жаратылыш газына эмбарго киргизүү чакырыгын камтыганы, чечимдин бир тараптуу болгону жана бир гана Армениянын кызыкчылыктарын коргогону белгиленди.
Резолюция долбоорунда Азербайжандын массалык кыргын салуучу курал колдонгону үчүн айыпталганы белгиленген арызда, тескерисинче, Армениянын бул куралдарды колдонгону белгиленип, 2-Карабах согушунда өзгөчө Генже жана Барда облустары баш болгон Азербайжандын шаарлары армян күчтөрү тарабынан бомбаланып, 93 жай тургун набыт болгону эске салынды.
Арызда Армениянын оккупациясынын натыйжасында 1 миллиондон ашуун азербайжандын ата-баба мекенинен жылдар бою алыс жашоого аргасыз болгондугу эске салынды.
Чечимде «Армяндардын маданий жана диний мурастарын коргоо» беренесинин бар экени белгиленген арызда, оккупация мезгилинде армяндар тарабынан 63 мечиттин талкаланганы, бир гана Шушада 215 тарыхый жана маданий эстеликке зыян келтирилгени жана Франциянын Сенаты болсо буга унчукпай калганы белгиленген.
Азербайжандыктар баштаган кампанияга https://www.mesopinions.com/petition/politique/appel-nom-peuple-azerbaidjanais-senat-peuple/189012 шилтемеси аркылуу кол коюуга болот.