Токаев Эрдоган менен Акордодо өткөргөн биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөдү
Токаев быйыл эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилеп жатышканын баса белгиледи.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев эки өлкөнүн жакын жана боордош мамлекеттер экенин белгилеп: «Түркия менен стратегиялык карым-катнаштарды мындан ары да өнүктүрүүнү улантабыз»,-деди.
Ар түрдүү жыйындарга катышуу үчүн өлкөсүнө барган президент Эрдоган менен Акордо Президенттик сарайындагы жолугушуулардан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөгөн Жомарт Токаев Эрдоганды Түрк дүйнөсүнүн ата мекени Казакстанда тосуп алганы үчүн кубанычта экенин билдирип: «Бул сапар казак-түрк мамилелерин бекемдейт»,-деп айтты.
Токаев быйыл эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилеп жатышканын жана бул мезгилде эки өлкөнүн ортосунда тыгыз саясий диалогго, өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген мамлекеттик мамилелердин өнүккөндүгүн баса белгиледи.
Май айында борбор шаар Анкарага расмий сапарынын жыйынтыгында президент Эрдоган менен «кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк» билдирүүсүнө кол коюшкандарына көңүл бурган Токаев, эки өлкөнүн жакын жана боордош мамлекеттер экенин айтып: «Түркия менен стратегиялык карым-катнаштарды өнүктүрүүнү улантабыз. /…/. Эл аралык маселелерде эки өлкөнүн позициясы жакын. Бул абдан маанилүү. Биз эл аралык жана аймактык деңгээлдеги тыгыз кызматташууну улантуу боюнча макулдаштык»,- деди.