Казакстандын тышкы иштер министри : "Орус элчи менен катуу сүйлөшүү болду"

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта кечээ орус элчинин министрликке чакырылгандыгы билдирилди.

1889317
Казакстандын тышкы иштер министри : "Орус элчи менен катуу сүйлөшүү болду"

Казакстан Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарованын  эки өлкөнүн ортосундагы "тең укуктуу стратегиялык өнөктөштүгүнө шайкеш келбеген" билдирүүлөрүнүн айынан Астана элчиси Алексей  Бородовкин менен "катуу сүйлөшүү" өткөрүлгөндүгүн белдирди. 

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта кечээ орус элчинин министрликке чакырылгандыгы билдирилди. Маалыматта : «Элчи менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Захарованын тең укуктуу стратегиялык өнөктөштүк рухуна туура келбеген билдирүүсүн талкууладык. Сүйлөшүү катуу өттү",- деп билдирилди.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова Казакстанда бир YouTube каналында : "Орустарды азыр канчалык көп өлтүрсөк балдарыбыз аларды ошончолук аз өлтүрүүгө мажбур болот" деген Украинанын Астана элчиси Петр Врублевскийдин эс алуудан кийин Астанага келип, расмий иш  - чараларга катышкандыгын белгилеп, Казакстандын Москва элчиси Эрмек Көшербаевди министрликке чакырылгандыгын айткан. 

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров да Захарованын билдирүү үнү Казакстан менен Россиянын стратегиялык союздаштык мамилелеринин мүнөзүнө туура келбей турганын белгилеп, орус элчисинин министрликке чакырылганын билдирди.

Смадияров Украина тарабына элчинин бул сөздөрүнүн өзгөчө Казакстанда жашаган орус тектүүлөр үчүн кабыл алынгыс экендигин билдиришкендерин жана элчи дайындалганга чейин  Врублевскийдин ишин уланта тургандыгын белгиледи. 

 

 

 



Тектеш кабарлар