Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча биргелешкен протоколго кол коюлду

Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн чек араны тактоо боюнча делегациялары борбор калаа Бишкекте жолугушушту.

1884772
Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча биргелешкен протоколго кол коюлду

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча биргелешкен протоколго кол коюлду.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн чек араны тактоо боюнча делегацияларынын борбор калаа Бишкекте жолугушкандары айтылды.

Жолугушуудан кийин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы жана Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулло Ариповдун ортосунда биргелешкен протоколго кол коюлганы маалымдалды.

Билдирүүдө белгиленгендей, протокол кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелерине байланыштуу жаңы долбоор боюнча макулдашууга жетишүү жол-жобосун баштоону көздөйт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 1379 чакырымдык биргелешкен чек аранын 200 чакырым бөлүгүнө байланыштуу 2021-жылдын 23-25-мартында Өзбекстандын борбору Ташкенттеги чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө маселенин өз ара жер алмашуу жолу менен чечилгени маалым болгон.



Тектеш кабарлар