Армения армиясынын бөлүктөрү Азербайжан позицияларына ок атып үч аскер жараланды

Билдирүүдө Азербайжан армиясынан 3 аскердин жараланганы, жаралуу аскерлердин өмүрү коркунучта болбогону белгиленди.

1884013
Армения армиясынын бөлүктөрү Азербайжан позицияларына ок атып үч аскер жараланды

Армения армиясынын бөлүктөрү чек арадагы Азербайжан позицияларына ок атып үч азербайжандык аскер жараланды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта армян бөлүктөрү 23-сентябрь жергиликтүү убакыт боюнча 19.30дан 23.40ка чейин Басаргечер облусунун Жогорку Шорка жана Чермук отурукташкан жерлериндеги позицияларынан Келбежер облусунун Истису жана Зейлик отурукташкан жерлериндеги Азербайжан армиясынын позицияларын маал-маалы менен аткылаганы белгиленди.

Билдирүүдө Азербайжан армиясынан 3 аскердин жараланганы, жаралуу аскерлердин өмүрү коркунучта болбогону белгиленди.

Билдирүүдө азербайжандык аскерлердин да жооп кайтарганы белгиленип, окуялардын бүтүндөй жоопкерчилиги кырдаалды курчутууга аракет кылган Ереван башкаруучулугунда экени белгиленди.



Тектеш кабарлар