Казакстанга Орусиядан келгендер көбөйдү

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Казакстандагы кээ бир жарандардын Орусиядан өлкөгө баргандардын санынын көбөйүшүнө тынчсызданганы белгиленди.

1883909
Казакстанга Орусиядан келгендер көбөйдү

Казакстан орус жарандарынын өлкөгө кетишине байланыштуу окуяларды кылдаттык менен байкап жатышканын, олуттуу коркунучтар болсо эл аралык жана улуттук мыйзамдардын алкагында керектүү чаралар көрүлөөрүн билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Казакстандагы кээ бир жарандардын Орусиядан өлкөгө баргандардын санынын көбөйүшүнө тынчсызданганы белгиленди.

Билдирүүдө,«Ошондуктан, тактоо пайдалуу: чет өлкөлүк жарандардын Казакстан Республикасына кирүү жана болуу тартибин аныктоонун эрежеси бар. Учурда бардык тиешелүү мамлекеттик органдар бул кырдаалды туруктуу көзөмөлгө алууда»,делди.

Казакстандын аймагында жүргөн ар бир чет элдик жаран өлкөнүн иммиграция мыйзамдарын сактоосу керектиги айтылган билдирүүдө:«Мамлекетте өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоонун жетиштүү механизмдери бар, алар баарынан жогору. Биз айлана-чөйрөдөгү ар кандай оор геосаясий кырдаалда улуттук коопсуздуктун артыкчылыгы менен иш-аракет кыла тургандыгыбызды билдиребиз»,-деп айтылган.

Билдирүүдө өлкөнүн инфраструктурасы учурдагы миграциялык кырдаалдан кыйынчылыксыз чыгуусу үчүн тейлөө объектилери өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде иштеп жатканы айтылды.

Сөз болуп жаткан абалдын кылдаттык менен көзөмөлдөнүп жатканын баса белгилеген билдирүүдө,

«Оор тобокелчиликтер болгон учурда эл аралык укукту жана улуттук мыйзамдарды эске алуу менен тиешелүү чаралар көрүлөт»,делди.

Улуттук коопсуздук комитети тараткан билдирүүдө өлкөнүн Орусия менен болгон чек ара дарбазасынан Казакстанга өтүүнү каалагандардын саны өскөндүгү айтылды.

Билдирүүдө, учурда 30 автожол чек ара дарбазасы кадимки режимде иштеп жатканы белгиленип:«Алардын төртөө жүргүнчүлөрдүн жана унаалардын агымынын көбөйүшүнө байланыштуу тыгындарды жаратууда. Кырдаал өзгөчө көзөмөлгө алынды»,деген маалымат бөлүшүлдү.

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланган дүйшөмбүдөн тарта Казакстанга орус жарандарынын агымы токтобой келет.

Акыркы 24 саатта Казакстандын Орусия менен чектеш шаарларынан Костанай облусуна 1000ден ашуун орус жараны барганы айтылат.



Тектеш кабарлар