Түркия-Азербайжан саламаттык сактоо бизнес форуму

Бизнес форуму жана жарманкеси Азербайжандын борбор шаары Бакуда башталды.

1883278
Түркия-Азербайжан саламаттык сактоо бизнес форуму

Саламаттыкты сактоо бизнес форумуна катышуу үчүн Азербайжанга барган cаламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа: «Мындай иш-чаралардын жакынкы жылдарда башка түрк тилдүү мамлекеттерди да камтый тургандай түрдө кеңейтилишин сунуштайм», - деди.

Түркия-Азербайжан саламаттык сактоо бизнес форуму жана жарманкеси Азербайжандын борбор шаары Бакуда башталды.

Жарманкенин ачылышына саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, Азербайжандын саламаттыкты сактоо министри Теймур Мусаев, эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагынын алдыңкы өкүлдөрү жана көптөгөн коноктор катышты.

Азербайжандагы түрк инвестициясынын 12 миллиард доллардан ашканын, Түркиядагы Азербайжан инвестициясынын болсо 20 миллиард доллардан ашканын, ал эми эки тараптуу соода көлөмүнүн 5 миллиард доллардын тегерегинде экенин белгилеп, Саламаттыкты сактоо бизнес форуму сыяктуу иш-чаралардын президенттер белгилеген 15 миллиард долларлык максатка салым кошоруна ишенгенин айткан Кожа: «Мындай иш-чаралардын жакынкы жылдарда бир гана Түркия менен Азербайжандын катышуусунда эмес Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Венгрияны менен Түрк тилдүү берки өлкөлөрдү да камтый тургандай түрдө кеңейтилишин сунуштайм»,-деди.

Азербайжандын саламаттыкты сактоо министри Мусаев да жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы жана 2-Карабах согушу (2020) учурунда Түркиянын саламаттыкты сактоо тармагына көрсөткөн колдоосун айтып, азербайжандык ардагерлерди дарылаган түрк дарыгерлерине ыраазычылык билдирди.

Мусаев Түркиянын тажрыйбасынан пайдаланышкандарын жана карым-катнаштарды мындан ары да өнүктүрүүдө чечкиндүү экендиктерин баса белгиледи.

Министр Кожа жолугушууларынын алкагында алгач шейиттиктерди зыярат кылган болчу.

Фахреттин Кожа эртең Карабахтын символу болгон Шушага барат.



Тектеш кабарлар