Алиев Лачында болду

Бул тууралуу Азербайжандын Президенттигинен маалымат берилди.

1883260
Алиев Лачында болду

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 26-августта Азербайжандын көзөмөлүнө өткөн Лачын шаарына барды.

Президенттиктин билдирүүсүнө караганда Илхам Алиев бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Лачын шаарынын оккупация мезгилинде армяндар тарабынан талкаланганын белгилеп, төмөндөгү сөздөрдү айтты: «Лачындын айрым жерлерине армяндар мыйзамсыз отурукташкан. Алар Сириядан жана Ливандан армян улутундагы адамдарды алып келип, бул жерге мыйзамсыз жайгаштырылган. Бул согуш кылмышы, бардык эл аралык конвенцияларда согуш кылмышы катары аныкталган жана бул кылмыш дүйнөлүк коомдук пикир көз алдында жасалган.

Дүйнө коомчулугу, эл аралык уюмдар, ЕККУнун Минск тобунун теңтөрагалары, бул ишке түздөн-түз тиешеси бар мамлекеттер буга көңүл бурушкан жок. Армениядан Карабахка, Карабахтан Арменияга бара жаткан жолдо, бул жерде мыйзамсыз отурукташуулар жасалганын, Азербайжанга тиешелүү жер аттары алынып салынганын, тарыхый азербайжан жери Лачын армяндаштырылып жатканын көрүп турушту, бирок аларга көз жумду. Азербайжан эли да муну кабыл алган жок»,-деди.

Армениянын акыркы айларда Азербайжанга каршы провокация жасаганын, согуш аяктаганына карабай армяндардын аймакка мина койгонун айткан Илхам Алиев: «Биз буга эч качан мүмкүнчүлүк бере албайбыз. Биз Арменияга бул нерселерден баш тартууну көп жолу эскерткенбиз. Натыйжада 13-сентябрда бизге каршы дагы бир провокация жасалганда Азербайжан армиясы жооп кайтарып, душманды кайра ордуна койду. Мен ишенем бул акырында аларга сабак болот, анткени алар бизди эч ким жана эч нерсе токтото албасын көрүштү»,-деди.

Азербайжан лидери: «Биз Армения тынчтыкты каалабай турганын жана дагы эле өч алуу идеялары менен жашап жатканын көрүп жатабыз»,-деп айтып:«Эч кимдин чакыруусу, эч кандай билдирүүсү, аракети бизди токтото албайт. Биз өз жерибиздебиз жана жерибизди коргойбуз», - деп баса белгиледи.



Тектеш кабарлар