Казакстанда 20 - ноябрда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт
Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун 20 - ноябрда өткөрүлүшүнө байланыштуу жарлыкка кол койду.

Казакстандын президенти Касым - Жомарт Токаев өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун 20 - ноябрда өткөрүлүшүнө байланыштуу жарлыкка кол койду.
Кол койгондон кийин жазуу түрүндө маалымат берген Токаев июнь айында өткөн конституциялык референдумдун алкагында саясий, социалдык жана экономикалык тармактарда жүргүзүлгөн реформаларга токтолуп : "Элибиз саясий системаны алмаштырууга карата пландарыбыздын маанисин жакшы түшүнөт",- деди.
Токаев конституция боюнча мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун 2022 - жылы 20 - ноябрда өтүшүнө байланыштуу жарлыкка кол койгондугун белгилеп : "Бул шайлоо өлкөнүн бардык саясий системасын түп тамырынан бери өзгөртө турган процесстин башталышы болот",- деди.
Бул шайлоо менен өлкөдө экономикалык жана элдин жыргалчылыгы үчүн узун мөөнөттүү милдеттердин аткарылышына мүмкүнчүлүк түзүлөрүн баса белгилеген Токаев : "Кыска убакыттын ичинде шайлоодон мурда максаттарымды билдирем. Учурдагы президент катары шайлоо процесси мыйзамды так сактоо менен таза, ачык - айкын, жергиликтүү жана чет элдик байкоочулардын кеңири катышуусунда өткөрүлөт деп кепилдик берем”,- деди.