Касым Жомарт Токаев Нью  -  Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын  77 -  сессиясында сөз сүйлөдү

Токаев  чоң державалардын арасындагы өз ара ишенбөөчүлүктүн тынчсыздантуучу деңгээлге жеткендигин белгилеп : "Дүйнө эки муундан кийин биринчи жолу өзөктүк курал колдонуу ыктымалы менен бетме  - бет",- деди.

1882600
Касым Жомарт Токаев Нью  -  Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын  77 -  сессиясында сөз сүйлөдү

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев эки муундан кийин дүйнөнүн биринчи жолу өзөктүк куралды колдонуу ыктымалына туш болуп жатканын айтты.

Касым Жомарт Токаев Нью  -  Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын  77 -  сессиясында сүйлөгөн сөзүндө өткөн мезгилдерде Казакстандын өзөктүк куралдарды колдонууда маанилүү өлчөмдө зыян тарткандыгын белгилеп : "Өзөктүк күчтөрдүн күчөгөн конкуренциясы жана айтылган сөздөрдөн тынчсыздануудабыз",- деди.

Токаев  чоң державалардын арасындагы өз ара ишенбөөчүлүктүн тынчсыздантуучу деңгээлге жеткендигин белгилеп : "Дүйнө эки муундан кийин биринчи жолу өзөктүк курал колдонуу ыктымалы менен бетме  - бет",- деди.

БУУнун мамлекеттердин эгемендүүлүк теңдиги, жеринин бүтүндүгүнө урмат  - сый жана  өлкөлөрдүн тынчтык ичинде жашашы сыяктуу үч негизги принцибинин арасындагы байланышты карап чыгуу керектигине көңүлдөрдү бурган Токаев : "Бул үч принцип бири бири менен байланыштуу. Бул принциптердин бирөөсүнүн бузулушу, башка экөөсүнүн бузулушу деген мааниге келет. Глобалдык өзөктүк куралдануу режиминин алсырашы бул үч принциптин коркунуч алдында турганын билдирет»,- деди. 

Казак лидер БУУнун баалуулуктар системасынын дүйнөнүн түрдүү жерлериндеги миллиондогон адам үчүн бир үмүт жарыгы болууну уланткандыгын айтып өлкөлөрдү бул баалуутуктарга ээ чыгууга чакырды. 

 



Тектеш кабарлар