Азербайжандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине армян топторунун кол салуу аракетине каршы чыгуу

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, армян жамааттарынын акыркы мезгилде Азербайжандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн имараттарына кол салуу аракеттери олуттуу тынчсызданууну жаратканы белгиленген.

1881880
Азербайжандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине армян топторунун кол салуу аракетине каршы чыгуу

Армян топторунун Азербайжандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине кол салуу аракетине Азербайжан реакция жасады.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, армян жамааттарынын акыркы мезгилде Азербайжандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн имараттарына кол салуу аракеттери олуттуу тынчсызданууну жаратканы белгиленген.

Билдирүүдө «вандализм жана террордук элементтерди камтыган аракеттердин дипломаттардын өмүрүнө жана мүлкүнө зыян келтирүү максатын көздөп, ошондуктан кылмыштын курамына кирери» белгиленди.

Билдирүүдө, «Биз радикалдык армян топторунун кылмыштуу аракеттерин кескин айыптайбыз жана тиешелүү өлкөлөрдө мындай провокацияларга жол бербөө үчүн жооптуу мекемелерден өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылышын күтөбүз. Азербайжан радикалдык армян топтору жасаган вандализмди тиешелүү өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан иликтенишин талап кылат жана бул кылмыштарды жасагандар мыйзам чегинде жоопко тартылышын талап кылат»,делди.

Социалдык медиада армян топторунун Азербайжандын АКШ , Франция жана Ливандагы элчиликтерине кол салууга аракет кылганы тууралуу сүрөттөр бөлүшүлдү.

Азербайжандын Париждеги элчиси Рахман Мустафаев элчиликтин имаратына кол салуу болгонун Твиттер баракчасынан сүрөтүн бөлүшүп жарыялады.

Мустафаев француз армян фанаттарынын Париждеги Азербайжан элчилигинин имаратына кол салганын билдирди.

«Бирок армян варварлары мындай турсун» деген сөздү колдонгон Мустафаев, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Твиттердеги аккаунтун белгилеп, «Элчиликтерди коргобогон жана алардын коопсуздугу боюнча мыйзамдуу талаптарын тоготпой жаткан Францияга» каршылык көрсөттү.

Мустафаев бул абалдын Франция учун уят булагы экенине көңүл бурду.

Ошол эле учурда Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги армян топторунун кол салуусуна байланыштуу Азербайжандын Париж элчилигине нааразылык нотасы берилгенин жарыялады.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигине чакырылган Франциянын элчиси Захари Грос, Азербайжан элчилигине байланыштуу окуянын өкүнүчтүү экенин айтты жана Азербайжан тараптын талабы боюнча окуяга туура укуктук баа берүү үчүн керектүү кадамдар жасала турганын белгиледи.

Азербайжан Франциядан сөз болгон вандализмге байланыштуу териштирүүнү, керектүү соттордун жүргүзүлүшүн жана элчиликке келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылды.



Тектеш кабарлар