Азербайжан Пелосиге каршы чыкты

Азербайжан АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин «өз өлкөсүнүн ички саясий күн тартибинин интригаларын жана лоббисттик чөйрөлөрдүн кызыкчылыктарын Армения аркылуу Түштүк Кавказга алып барышын» кабыл алынгыс деп билдирди.

1881545
Азербайжан Пелосиге каршы чыкты

Азербайжан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин «өз өлкөсүнүн ички саясий күн тартибинин интригаларын жана лоббисттик чөйрөлөрдүн кызыкчылыктарын Армения аркылуу Түштүк Кавказга алып барышын» кабыл алынгыс деп билдирди.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Нэнси Пелосинин Арменияга жасаган сапары учурунда аймактагы абалды бурмалаган билдирүүлөрү Азербайжанда терең кайгыруу менен кабыл алынып, Азербайжанга карата негизсиз жана адилетсиз айыптоолор кабыл алынгыс экени айтылды. Билдирүүдө, «АКШда Конгресске орто мөөнөттүү шайлоо мезгили жакындап калганын эске алсак, Пелоси бул сапарын ички саясий күн тартибин жана АКШдагы армян лоббисттик чөйрөлөрүнүн колдоосун алуу үчүн колдонгону көрүнүп турат. АКШнын ички саясий күн тартибинин интригаларынын жана лоббисттик чөйрөлөрдүн кызыкчыылктарынын Армения аркылуу Түштүк Кавказга алып келиниши кабыл алынгыс»,деген сөздөргө орун берилди.

Билдирүүдө,«Адилеттүүлүк жөнүндө сөз кылган Пелоси Армениянын Азербайжанга карата агрессивдүү саясаты, азербайжан жерлерин 30 жылдан бери басып алуусу жана жүз миңдеген азербайжандардын этникалык тазалоосуна байланыштуу эч кандай позицияны карманбаганы» баса белгиленди.

Ненси Пелосинин билдирүүлөрүнүн Армения менен Азербайжандын ортосундагы карым – катнаштарды жөнгө салуу аракеттерине олуттуу сокку болгону жана аймактагы чыңалууну күчөтүүгө кызмат кылганы белгиленди.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Пелоси Армениянын провокациялары менен чек арадагы жаңжалдар үчүн Азербайжанды айыптады.

Азербайжандын Коргоо министрлиги 12-сентябрга караган түнү Азербайжандын Дашкесен, Келбежер, Лачын жана Зенгилан багыттарында армян күчтөрүнүн кеңири масштабдуу провокациясынын натыйжасында кагылышуу башталганын жана 79 аскер шейит болгонун билдирген. Армения болсо каза болгон аскерлеринин санын 135 деп жарыялады.



Тектеш кабарлар