Казакстандын борбор шаарынын аты кайрадан Астана болду

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев борбор шаар Нур-Султандын атын Астанага расмий түрдө өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койду.

1881203
Казакстандын борбор шаарынын аты кайрадан Астана болду

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев борбор шаар Нур-Султандын атын Астанага расмий түрдө өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койду.

Казакстандын президенттигинин билдирүүсүнө караганда, Токаев Конституциянын айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзамды жактырды.

Аталган мыйзамдын алкагында кол коюлган жарлык менен өлкөнүн борбору Астана деп аталды.

Буга чейин Казакстан  парламентинде “Жаңы Казакстан” тобунун депутаттары борбордун жаңы атын (Нур Султан) эл кабыл ала албастыгын билдирип, Астананын эски атын шаарга кайтаруу сунушун көтөрүп чыгышкан.

Парламент жана Сенаттын төрагалары да депутаттардын сунушу элдин пикирин чагылдырганын билдиришкен.

Казакстан президентинин басма сөз катчысы Руслан Желдибай да депутаттардын бул сунушу президент Касым Жомарт Токаевдин жактыруусу менен Конституциянын айрым беренелерине өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна киргизилгенин билдирди.

Желдибай : «Президент Казакстандын мамлекет катары күчтөнүшүндө жана борбор шаардын пайдубалын түптөөдө Нурсултан Назарбаевдин негизги роль ойногондугун тарыхый чындык катары мүнөздөп жатат. Ошондуктан биирнчи президенттин аты коюлган башка структуралар сакталат»,- деген.

Токаев 12-сентябрда Конституциялык кеңешмеге кайрылып, депутаттардын бул сунушу Конституцияга туура келерин тастыктап, оң жооп алган.

Казакстандын биирнчи президенти Нурсултан Назарбаев 2019 - жылдын 19 - мартында президенттиктен кетип, бир күндөн кийин Конституцияга ылайык президенттик кызматты ошол кезде Сенаттын төрагалыгын акарган Касым Жомарт Токаев өткөрүп алган.

Парламентте биринчи жолу элге кайрылуу жасаган Токаев кызматка киришкенден кийин шаарга борбор Астананын курулушуна жана өнүгүшүнө чоң салым кошкон Назарбаевдин ысымын берүүнү сунуштаган.

Ушул боюнча өлкөнүн ар кайсы аймактарында өткөн митингдерге жана кол топтоо кампанияларына карабастан, бул сунуш 2019 - жылдын 23 - мартында Жогорку Кеңеште бир добуштан кабыл алынып, өлкөнүн борбору «Нур -Султан» деп аталды.



Тектеш кабарлар