Путин Самаркандда Жапаров жана Бердымухамедов менен жолугушту

Кремль жолугушууга байланыштуу билдирүү жасады.

1880396
Путин Самаркандда Жапаров жана Бердымухамедов менен жолугушту

Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолугушуусу болду.

Россиянын Президенттик сарайы Кремлдин билдирүүсүнө караганда, Путин Жапаров менен жолугушууда стратегиялык өнөктөш Кыргызстандын Россияга жакын өлкө экенин, көптөгөн эл аралык жана аймактык уюмдарда чогуу иштешкендерин белгиледи.

Россиянын Кыргызстандын соода жана экономикадагы алдыңкы өнөктөшү болууну улантып жатканын айткан Путин: «Биз Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүүнү улантып жатабыз. Өткөн жылы 20 миллион долларлык каржылык жардам көрсөткөнбүз. Быйыл дагы Кыргызстандын чек арасындагы (Тажикстан менен) трагедиялуу окуядан улам жабыркаган социалдык инфраструктурага бир жарым миллион доллар бөлүндү. Биз муну албетте ушул окуяларды эске алуу менен ишке ашырабыз,-деди.

Жапаров болсо Путин менен жолугушууга канааттанганын билдирип: «Россия салттуу түрдө биздин алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшүбүз жана башкы стратегиялык союздашыбыз», - деди.

«Бул жолугушуу Россия менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого салым кошот деп ишенем»,- деген Жапаров үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Россия менен Кыргызстандын ортосундагы сооданын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге өстү. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун колдоосу менен да инвестициялык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бүгүнкү күнгө чейин фонд жалпы суммасы 440 миллион долларды түзгөн 3200 долбоорду бекитти. Россия 2023-жылы 5 мектеп, 2024-жылы 4 мектеп куруп берет», деп айтты.

Бир тараптан Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов да Самаркандда Путин менен жолугушту.

Түркмөнстанда 190 орус фирмасынын иш алып барганын белгилеген Путин, кызматташтык тармактарын кеңейтүүнү жана диверсификациялоону максат кылгандарын айтты.

Бердымухамедов ошондой эле Россия менен Түркмөнстандын эки тараптуу саясий карым-катнаштарынын жогорку деңгээлде экенин билдирди. 



Тектеш кабарлар