Азербайжан-Армения чек арасында катуу кагылышуу болду

Азербайжандын Коргоо министрлиги кечээ кечинде армян армиясынын чек аранын Дашкесен, Келбежер жана Лачын багыттарында кеңири провокация жасаганын билдирди.

1879138
Азербайжан-Армения чек арасында  катуу кагылышуу болду

Азербайжан-Армения чек арасында эки өлкөнүн аскердик бөлүктөрүнүн ортосунда катуу кагылышуу чыкты.

Азербайжандын Коргоо министрлиги кечээ кечинде армян армиясынын чек аранын Дашкесен, Келбежер жана Лачын багыттарында кеңири провокация жасаганын билдирди.

Билдирүүдө Армениянын куралдуу күчтөрүнө таандык диверсиялык топтордун түрдүү багыттардагы Азербайжан армиясынын позицияларынын ортосундагы жерлерге жана жолдорго мина койгону билдирилди. Азербайжан аскерлеринин бул абалдын алдын алуу үчүн көрүлгөн чараларынын натыйжасында кагылышуулар болду.

Армян армиясынын Басаргечер, Истису, Каракилисе жана Горус облустарындагы аскердик пункттарынан Азербайжан армиясынын Дашкесен, Келбежер жана Лачын облустарындагы кээ бир позициялары жана баш калкалоочу жерлери минометтор менен кошо түрдүү калибрдеги куралдар менен аткыланды. Чабуулдун натыйжасында аскер кызматкерлери арасында жоготуулар жана аскердик инфраструктурага зыян келтирилген.

Азербайжан армиясынын да Армениянын куралдуу күчтөрүнүн ок атуу пункттарынын үнүн басуу жана кагылышуунун кеңейишине жол бербөө үчүн керектүү чараларды көргөнү, провокация операцияларына катышкан Армениянын куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамы жана техникасында жоготуулар болгону маалымдалды.

Билдирүүдө кагылышуулар жана жоготуулар үчүн толугу менен Ереван администрациясы жооптуу экени баса белгиленди.

Азербайжандын Коргоо министрлиги да Армениянын провокацияларына жооп иретинде ишке ашырылган каршы чаралардын жергиликтүү мүнөздө болуп, аскердик буталарга багытталганын, Азербайжан армиясынын Армениянын аймагына кийлигишүүсү тууралуу кабардын чындыкка дал келбестигин жарыялады.

Бир тараптан Азербайжандын Коргоо министрлигинин Эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы, генерал-майор Хусейн Махмудов, армян тараптын аталган багыттар боюнча азербайжандык позицияларды үзгүлтүксүз аткылоосунун негизги максатынын тынчтык  келишимге кол коюуну ошондой эле бошотулган райондордо жүргүзүлүп жаткан ири масштабдуу реконструкциялоо жана кайра куруу жумуштарын кечеңдетүү экенин айтты.

Азербайжандын 2020-жылдын 10-ноябрында кабыл алынган үч тараптуу декларацияга макул экенин, чек араларды аныктоо жана чийүү иштеринин башталышы жана эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишимине кол коюлушу менен аймакта тынчтыктын орнотулушун жактай турганын билдирген Махмудов, каршы тараптын тескерисинче, Азербайжандын аймагына, аскерлерди жеткирүүчү жолдорго мина коюу менен декларацияга карама-каршы келген, этикага жатпаган жүрүм-турум көрсөткөнүн белгиледи.



Тектеш кабарлар