Түндүк-түштүк коридорун өнүктүрүү боюнча үч өлкө макулдашты

Жолугушууда жетишилген макулдашуудан кийин үч өлкөнүн ортосунда Түндүк-Түштүк эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүүнү караган декларацияга кол коюлду.

1878276
Түндүк-түштүк коридорун өнүктүрүү боюнча үч өлкө макулдашты

Орусия, Азербайжан жана Ирандын ортосунда Түндүк-Түштүк эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүү боюнча декларацияга кол коюлду.

Азербайжандын борбору Бакуда Орусия, Азербайжан жана Ирандын өкмөт өкүлдөрү Түндүк-Түштүк эл аралык транспорт коридорунун потенциалын жакшыраак пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрүштү.

Жолугушууда жетишилген макулдашуудан кийин үч өлкөнүн ортосунда Түндүк-Түштүк эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүүнү караган декларацияга кол коюлду.

Декларацияга Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак, Азербайжандын вице-премьер-министри Шахин Мустафаев жана Ирандын жолдор жана шаар куруу министри Рустем Касими кол коюшту.

Билдирүүгө ылайык, тараптар коридордун потенциалын толук пайдалануу үчүн инфраструктураны жана транспорттук мүмкүнчүлүктөрдү баалоо жана талдоо боюнча кызматташууга даяр жана 2030-жылга чейин 3 өлкөнүн аймактарынын ортосундагы транспорт 30 миллион тонна транзиттик жана эки тараптуу жүктөрдү ишке ашыруу боюнча сунушталган максаттарды кароого даяр. 

Түндүк-Түштүк эл аралык транспорт коридору 2000-жылдын 12-сентябрында Орусия, Иран жана Индиянын ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Кийинки жылдары бул долбоорго дагы 10 мамлекет, анын ичинде Азербайжан жана Түркия кошулган.

Түндүк-Түштүк транспорт коридору менен Индиядан Орусияга, ошондой эле Түндүк жана Батыш Европага бара турган жүктөрдү ташуу убактысын кыскартуу максатын көздөйт.



Тектеш кабарлар