Казакстандан Европага көмүр экспортунун өсүшү

Казакстан 2022-жылдын январь-июль айларында Европага 371,8 миллион долларлык көмүр экспорттоду.

1875825
Казакстандан Европага көмүр экспортунун өсүшү

Казакстандын Европа өлкөлөрүнө көмүр экспорту жылдын 7 айында 6,4 миллион тонна менен рекорддук деңгээлге жетти.

Информбюро кабар сайтынын маалыматына караганда, Казакстан 2022-жылдын январь-июль айларында Европага 371,8 миллион долларлык көмүр экспорттоду.

Казакстан аталган мезгилде Европа өлкөлөрүнө 6,4 миллион тонна көмүр экспорттоо менен бул тармакта рекорддук деңгээлге жетти.

Өткөн жылы Казакстандан Европага көмүр экспорту 5,2 миллион тоннаны түзсө, мурунку жылдары 4 миллион тоннадан ашкан эмес.

Швейцария (4,5 миллион тонна), Польша (723 миң тонна) жана Бельгия (213 миң тонна) быйылкы жылы Европада казак көмүрүн эң көп сатып алган өлкөлөрдүн катарына кирди. Мындан тышкары Болгария, Британия, Лихтенштейн, Румыния жана Латвия дагы тизмеде бар.



Тектеш кабарлар