Казакстандын президенти Токаев Бакуда

Токаевди Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортто Азербайжандын вице-премьер-министри Якуп Эйюбов, Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Халеф Халефов жана берки жетекчилер тосуп алышты.

1871689
Казакстандын президенти Токаев Бакуда

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Азербайжандын борбор шаары Бакуга барды.

Токаевди Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортто Азербайжандын вице-премьер-министри Якуп Эйюбов, Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Халеф Халефов жана берки жетекчилер тосуп алышты.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугуша турган Токаевдин сапарынын алкагында соода-экономикалык, транспорттук, логистикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү жана Азербайжан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү темалары талкууланат.

Мындан тышкары сапардын алкагында эки өлкөнүн ортосунда түрдүү келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар