Эрсин Татар: «Федерация тууралуу эми сөз болбойт, кабыл алынбайт»

Президенттиктин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда, Татар Байрак радио жана телекөрсөтүүсүнүн (BRT) атайын берүүсүндө суроолорго жооп берип, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жаңы саясаты тууралуу баа берди.

1871477
Эрсин Татар: «Федерация тууралуу эми сөз болбойт, кабыл алынбайт»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Кипр маселесине байланыштуу: «Федерация тууралуу эми сөз болбойт, кабыл алынбайт»,-деди.

Президенттиктин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда, Татар Байрак радио жана телекөрсөтүүсүнүн (BRT) атайын берүүсүндө суроолорго жооп берип, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жаңы саясаты тууралуу баа берди.

Сентябрда боло турган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясына катыша турганын белгилеген президент Татар: «Кипрдин Рум тарабы (кийинки жылы) шайлоо өткөрөт. Салт боюнча биз жыл сайын сентябрь айында БУУга барабыз. Эл аралык мамилелердин жүрөгү болгон Нью-Йоркто болобуз, бирок Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун (ТКРБ) лидери Никос Анастасиадес менен жолугушуум болбойт деп ойлойм»,-деп айтты.

Президент Татар жаңы саясаттын (Кипрде эки мамлекеттүү чечим) зарыл саясат экенин белгиледи жана Аралдагы күрөш суверенитет үчүн күрөш экенин баса белгилеп: «Биздин жаны саясат эгемендүү тең укуктуулукка негизделген»,-деп баа берди.

Жаңы саясаттын оңой эмес кадам экенин, бирок Түркиянын колдоосу менен жакшы жүргүзүлүп жатканын белгилеген Татар мындай деп улантты: «Түркиядагы ар бир мекеме жана уюмдар бул жаңы саясатты кабыл алышты. Федерация тууралуу эми сөз да болбойт, кабыл алынбайт. Эки жылдын ичинде биз көп нерсеге жетиштик. Биринчиден, саясатты өзгөртө алдык жана жаңы саясатты ушуну менен улантабыз»,-деди.

Эрсин Татар Рум тараптын да «нөл аскер, нөл кепилдик» идеясынын Түркиянын аралда бар экенине шек келтире турган абал экенин жана мунун кабыл алынбай турганын айтты.



Тектеш кабарлар