Лидерлердин Крым платформасынын саммитине кайрылуусу

Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Украина тарабынан уюштурулган Крым платформасы саммитинде видеоконференция аркылуу сөз сүйлөдү.

1871468
Лидерлердин Крым платформасынын саммитине кайрылуусу

Европа Биримдиги (ЕБ), НАТО, Жапония, Франция жана Британия Орусиянын чабуулуна каршы Украинага колдоо көрсөтүүнү уланта турганын ырасташты.

Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Украина тарабынан уюштурулган Крым платформасы саммитинде видеоконференция аркылуу сөз сүйлөдү.

Шарль Мишель Евробиримдиктин украин элин биримдикке кирген алгачкы күндөн баштап колдогондугун белгилеп, Украинага ЕБге талапкер статусу берилгенин, аскердик жардамдын көлөмү 2,5 миллиард еврого, макро каржылык жардамдын 9 миллиард еврого жеткенин белгиледи.

Орусияга кысым көрсөтүүнү улантып, санкциялардын улана турганын эске салган Мишель, согуш кылмыштары менен адам укуктарын бузуулардын жазасыз калбашы үчүн иштей тургандарын баса белгиледи.

Мишель Украина элине кайрылып: «Сен жалгыз эмессиң, канча убакыт керек болсо, биз сени менен ийиндеш болуп турабыз»,-деди.

ЕБ Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен мындай деди: «Крым менен Севастополдун Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланышын биз эч качан тааныбайбыз»,-деп айтты жана Крымдагы адам укуктарынын бузулушу жана Крым татарларынын зулумдукка дуушар болушу боюнча тынчсыздангандыктарын билдирди.

Украиндыктарга кайрылган фон дер Ляйен мындай деди: «Биз сиздер мененбиз, биз сиздердин жашоо үчүн күрөштө башынан бери сиздер менен болдук»,-деди.

НАТОнун баш катчысы Столтенберг альянс Украина менен толук тилектеш экенин, 2014-жылы Крымды Орусия аннексиялап алгандан кийин Украинага колдоо көбөйгөнүн жана 24-февралда Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин НАТО союздаштары Украинага болуп көрбөгөндөй каржылык, аскердик жана гуманитардык жардам жөнөткөнүн баса белгиледи.

Жапониянын премьер-министри Кишида Фумио Экинчи Крым платформасынын саммитинде сүйлөгөн сөзүндө өлкөсүнүн Украина өкмөтү жана эли менен тилектеш экенин баса белгиледи.

Маалымат жыйынында Жапониянын тышкы иштер министри Хаяши Йосимаса өкмөт Орусияга каршы санкцияларын уланта турганын билдирди.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Крым платформасынын саммитинде жарыяланган видео кайрылуусунда эл аралык коомчулукту Орусияга карата «алсыздык жана компромисстик маанай» көрсөтпөөгө чакырды.

Саммитке видеоконференция аркылуу катышып, сөз сүйлөгөн Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон: «Биз Орусиянын Крымды же Украинанын кайсы бир бөлүгүн аннексиялап алганын эч качан тааныбайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар