Жээнбек Кулубаев:«Украина портторунан эгинди экспорттоо зор ийгилик»

Расмий сапарынын алкагында борбор калаа Анкарага келген Жээнбек Кулубаев басма сөзгө билдирүү жасап, келечекте Түркия менен Кыргызстандын ортосунда көптөгөн биргелешкен иштер болоруна ишенерин баса белгиледи.

1869543
Жээнбек Кулубаев:«Украина портторунан эгинди экспорттоо зор ийгилик»

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын Украинадагы ортомчулук саясатын колдой тургандарын билдирип:«Украина портторунан эгинди экспорттоо зор ийгилик»,-деди.

Расмий сапарынын алкагында борбор калаа Анкарага келген Жээнбек Кулубаев басма сөзгө билдирүү жасап, келечекте Түркия менен Кыргызстандын ортосунда көптөгөн биргелешкен иштер болоруна ишенерин баса белгилеп: «Анткени биздин экономикабыздын өсүшүнө Түркия мамлекетинин ролу чоң. Түркия бизди эл аралык уюмдарда колдойт жана Түркия мамлекетинин тажрыйбасы бизге керек»,-деди.

Кулубаев 24-февралда башталган Орусия-Украина согушунан улам Кыргызстанда жана Борбор Азияда бардык азык-түлүктүн баасы жогорулаганын, андыктан чөлкөмдөгү өлкөлөр азык-түлүк коопсуздугунун альтернативдүү жолдорун издей баштаганын билдирди.

Кулубаев Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен кол коюлган дан коридору келишимине токтолуп: «Президент Режеп Таййип Эрдогандын, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Украинадагы ортомчулук саясатын колдойбуз. Украинанын портторунан дан экспорттоо чоң ийгилик. Бул дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна абдан чоң оң таасирин тийгизди. Ошондуктан Түрк мамлекетинин ортомчулук саясаты жакшы келечекке алып бараарына ишенебиз. Борбор Азия келечекте туруктуулуктун жана кызматташтыктын борбору болот»,-деп айтты.

Ортоңку коридор маселесине токтолгон Кулубаев, бул долбоор Кытайдан Европага ыңгайлуу жана кыска жол менен жүк ташууга мүмкүндүк берерин айтты.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулуш долбоору боюнча иш-чаралар акыркы убакта жанданганын билдирген Кыргызстандын тышкы иштер министри: «Учурда Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) алкагында, Түрк Мамлекеттери Уюмуна (TМУ) мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Эл аралык аралаш жүк ташуу келишими бааланып жатат. Келишим эл аралык жүк ташууларды жеңилдетүү үчүн жогорку потенциалга жана дараметке ээ»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар