Азербайжандын Лачын аймагында мина талаасы табылды

Миналардын баарынын 2 -  Карабах согушунан кийин 2021 -  жылы Арменияда чыгарылгандыгына көңүл бурулду.

1868659
Азербайжандын Лачын аймагында мина талаасы табылды

Азербайжандын Лачын облусунун чыгышында мыйзамсыз куралдуу армян күчтөрү тарабынан жайгаштырылган мина талаасы табылды. 

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта бөлүктөр тарабынан 15 -  августта аймакта  жүргүзүлгөн чалгындоо  иштеринин натыйжасында 991 даана PMN-E  үлгүсүндөгү жөө аскерлерге каршы мина табылганы билдирилди.

Билдирүүдө миналардын аскердик бөлүктөр тарабынан чыгарылып, жок кылынганы маалымдалды.

Миналардын баарынын 2 -  Карабах согушунан кийин 2021 -  жылы Арменияда чыгарылгандыгына көңүл бурулду. 

Карабахта мыйзамсыз армян күчтөрүнүн 3 - августта жасаган провокациясынын натыйжасында бир аскер шейит болуп,  Азербайжан армиясы «Кысас» операциясын жүргүзгөн.

Операцияда Кичи Кавказ тоо тизмегинин Карабах кыркасындагы Сарыбаба жана башка дөңсөөлөр көзөмөлгө алынды. 

 

 



Тектеш кабарлар