Борбор Азия-ЕБ жыйыны Самаркандда өткөрүлөт

Борбор Азия менен Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин 17-жыйыны ноябрь айында Тажикстандын борбору Душанбеде өткөрүлгөн болчу.

1868073
Борбор Азия-ЕБ жыйыны Самаркандда өткөрүлөт

Борбор Азия менен Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлеринин 18-жыйыны ноябрь айында Өзбекстандын тарыхый Самарканд шаарында өтөт.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Тышкы иштер министрлигинин Европа иштери боюнча башкы директору Айбек Шахавддинов Евробиримдиктин Өзбекстандагы өкүлүнүн орун басары Миндаугас Качераускас менен жолугушуп, тараптардын кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда ноябрь айында Самаркандда өтө турган Борбор Азия-Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин 18-жыйынына даярдыктар жана кызматташтыкты арттырууга байланыштуу темалар каралды.

Билдирүүгө ылайык, Борбор Азия менен Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында тараптардын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча Борбор Азия-ЕБ тышкы иштер министрлеринин 1-конференциясы да болот.

Борбор Азия менен Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин 17-жыйыны ноябрь айында Тажикстандын борбору Душанбеде өткөрүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар