Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери жолугушту

Грузиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, кечээ эртең менен Тбилисиге келген Байрамов менен Мирзоян жекеме-жеке жолугушуу өткөрүштү.

1855743
Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери жолугушту

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Грузиянын борбор шаары Тбилисиде жолугушту.

Грузиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, кечээ эртең менен Тбилисиге келген Байрамов менен Мирзоян жекеме-жеке жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.

Байрамов менен Мирзоян бул жолугушуу менен биринчи жолу эч кандай ортомчусуз жолугушкан болду.

Министрлер Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили менен да өз-өзүнчө жолугушту.

Байрамов менен Мирзоян грузиялык кесиптеши Илья Дарчиашвили менен да үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.



Тектеш кабарлар