Эрсин Татар эки жаңы кызматташтыкты сунуш кылды

Эрсин Татар Кипрдин Рум башкаруусуна эки жаңы кызматташтыктын негизинде «Кипр аралын миналардан тазалоо» жана «мыйзамсыз миграция менен күрөшүү» деген аталышта эки жаңы кызматташтыкты сунуш кылды.

1854011
Эрсин Татар эки жаңы кызматташтыкты сунуш кылды

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  президенти Эрсин Татар Кипрдин Рум башкаруусуна эки жаңы кызматташтыктын негизинде «Кипр аралын миналардан тазалоо» жана «мыйзамсыз миграция менен күрөшүү» деген аталышта эки жаңы кызматташтыкты сунуш кылды. 

Президент Татар жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен 1-июлда Кипрдин Рум башкаруусуна жеткириле турган көмүр суутек, электр энергиясы, жаңылануучу энергия жана суу боюнча кызматташуу сунуштарын камтыган пакетке кошумча эки жаңы кызматташтыкты  Кипр румдарына сунуштаганын билдирди.

Татар : "Кипр түрк тарабы катары БУУнун башкы катчысы урматтуу Антонио Гутерриштин ортомчулугу менен рум лидери Анастасиадиске  билдирүү үчүн даярдаган экинчи кенен машстабдуу кызматташтык сунушубузду бүгүн БУУ жетекчилерине билдирдик.

Мен 2022-жылдын 1-июлунда айткан төрт маанилүү багыт боюнча кызматташуу сунушубуздан тышкары, бүгүн тийиштүү мекемелерибиздин кошкон  салымдары менен даярдалган “Кипр аралын минадан тазалоо” жана “мыйзамсыз миграция менен күрөшүү” боюнча комплекстүү сунуштарыбызды бердим",- деди. 



Тектеш кабарлар