Казакстанда мунай кенинде жарылуу болду

Жарылуудан 2 жумушчу каза болуп, 3 адамдын жаракат алганы маалымдалды.

1852860
Казакстанда мунай кенинде жарылуу болду

Казакстандын эң чоң үч мунай кенинин бири болгон Тенгиздеги жарылуудан 2 жумушчу каза болуп, 3 адам жаракат алды.

Казакстандын Атырау облусунун өзгөчө кырдаалдар департаментинин билдирүүсүндө, өлкөнүн батышындагы Атырау облусунун чек арасында жайгашкан Тенгиз мунай кенинде жарылуу болгондугу кабарланды. 

Билдирүүдө жарылуунун түтүктөгү гидравликалык сыноо учурунда фланец байланышынын иштебей калышынан улам болгону жана 2 жумушчу көз жумуп, бирөө оор 3 кишинин жаракат алганы белгиленди.

Атырау райондук ички иштер бөлүмү болсо окуя боюнча Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин «жумуш эрежелерин бузуу» беренесине ылайык иликтөө иштеринин башталганын билдирди.



Тектеш кабарлар