Армян аскерлери Азербайжандын позицияларына ок атышты

Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирүү жасады.

1851396
Армян аскерлери Азербайжандын позицияларына ок атышты

Азербайжан-Армения чек арасындагы Басаркечер облусундагы армян аскерлери Келбежер облусунда азербайжандык аскерлер жайгашкан позицияларды аткылашты.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Армениянын Басаркечер облусунун Зеркенд аймагындагы армян аскерлеринин кечээ кечинде Азербайжан армиясынын Келбежер облусунун Демирчидам аймагында жайгашкан позицияларын ири калибрлүү куралдар менен катуу аткылагандары белгиленди.

Билдирүүдө жооп иретинде азербайжандык аскерлер тарабынан ок аталганы, абалдын туруктуу жана аймактын азербайжандык аскерлердин көзөмөлүндө экени маалымдалды.



Тектеш кабарлар