Илхам Алиев Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги  реформаны колдой тургандарын айтты

Алиев борбор шаар Бакуда өткөрүлгөн Кошулбоо Кыймылынын Парламенттик тармагы конференциясынын ачылышында сүйлөдү.

1850730
Илхам Алиев Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги  реформаны колдой тургандарын айтты

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги  реформаны колдой тургандарын айтты.

Алиев борбор шаар Бакуда өткөрүлгөн Кошулбоо Кыймылынын Парламенттик тармагы конференциясынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомдорунун кээ бир учурларда кыска мөөнөттө ишке ашырылганын, кээ бир учурларда жылдар бою кагаз жүзүндө калганын белгилеп : «Биз реформаларды колдойбуз. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин саясий үстөмдүктүн негизинде ишке ашырылышы токтотулушу керек»,- деди.

Алиев сөзүндө Армениянын Азербайжан жерлерин басып алуусу жана аймактагы кыйроолор тууралуу сөз кылып, Азербайжандын өз жерлерин куткаруу менен адилеттикти жана эл аралык укукту калыбына келтиргенин белгиледи.

Алиев маселени чечүү үчүн түзүлгөн Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун Минск тобунун эч кандай чечим таба албаганын эске салып : “Минск тобу маселенин түбөлүктүү болушун каалагандардын куралына айланды, бүгүн Минск тобунун кереги жок, анткени Азербайжан өзүнүн аймактык бүтүндүгүн камсыздай алат», - деди.

Армения менен Азербайжандын ортосундагы жаңжалдын  аймактык эле эмес, глобалдык маселе экенин баса белгилеген Алиев: «Анткени бул эл аралык укуктун негизги принциптерин толугу менен бузуу гана эмес, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин да  одоно түрдө бузуу жана этибарга албоо болду. 1993-жылы БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан 4 чечим кабыл алынган. Бул чечимдерде Армениядан эч кандай шартсыз оккупацияланган аймактардан чыгуусу талап кылынган. Бирок бул чечимдер ишке ашырылган жок. Айрым абалдарда Европа Биримдигинин Коопсуздук Кеңешинин чечимдери бир канча күндүн ичинде аткарылса да бул чечимдер Азербайжанга келгенде кагаз жүзүндө калган.

Бул БУУдагы реформалар маселесин көтөрүүдө. Эгерде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдери аткарылбаса, анда аларды кабыл алуунун эмне кереги бар? Биз реформаларды колдойбуз. Саясий артыкчылыктын негизинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин  саясий үстөмдүктүн негизинде аткарылышын токтотуу керек»,- деди.

 



Тектеш кабарлар