Казакстандын президенти Токаев Хаменеи менен жолугушту

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин маалыматына караганда, борбор шаар Тегеранда өткөн жолугушууда Хаменеи менен Токаев эки өлкөнүн алакалары жана аймактык маселелерди талкуулашты.

1845608
Казакстандын президенти Токаев Хаменеи менен жолугушту

Иранга расмий сапар менен барган Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев жана аны коштогон делегация Ирандын руханий лидери Али Хаменеи менен жолугушту.

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин маалыматына караганда, борбор шаар Тегеранда өткөн жолугушууда Хаменеи менен Токаев эки өлкөнүн алакалары жана аймактык маселелерди талкуулашты. Жыйынга президент Ибрахим Раиси да катышты.

Иран менен Казакстандын ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарга көңүл бурган Хаменеи эки өлкөнүн кызматташтыгынын түрдүү тармактарда, өзгөчө аймактык деңгээлде дагы да өнүктүрүлүшү керектигин белгиледи.

Хаменеи биргелешкен комиссияны мобилизациялоо зарылдыгын белгилеп, саясий жана экономикалык маселелер боюнча алакаларды өнүктүрүү үчүн координацияга чакырды.

Али Хаменеи Орусия 24-февралда согуш баштаган Украина маселесине да токтолуп, бул маселедеги эң негизги көйгөй батыштыктардын НАТОну кеңейтүүгө жана мүмкүн болгон жерде таасирин арттырууга аракет кылып жатканы экенин айтты.

Казакстандын президенти Токаев президент менен абдан жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн жана эки тарап кол койгон документтер Иран менен Казакстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жол ача аларын билдирди.

Иран менен Казакстандын тарыхый жана маданий окшоштуктарына токтолгон Токаев Хаменеинин ислам философу Фараби боюнча илимий комитет түзүү сунушун кубаттай турганын айтты.

Токаев аймактык маселелерге да токтолуп, январдагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийинки өлкөсүнүн абалы тууралуу маалымат берди.

Кечээ Казакстандын президенти Токаев Ирандын президенти менен да жолугушуп, андан соң эки өлкөнүн министрлери түрдүү тармактар ​​боюнча 9 меморандумга кол коюшту.



Тектеш кабарлар