Татар Түштүк Кипрдеги машыгууга каршы чыкты

Гирне аймагында катышкан ачылышта сөз сүйлөгөн Эрсин Татар, Рум тараптын тынчтык жана коңшулук карым-катнаштарынан кеп кылса дагы ал жерде Түркияга каршы нааразычылык жана адеп-ахлаксыз иш-аракеттер бар экенин белгиледи.

1845301
Татар Түштүк Кипрдеги машыгууга каршы чыкты

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунда (ТКРБ) жикчил террордук уюм ПККнын корбашчысы колго түшүрүлгөндөн мурда колдонгон грек паспортунда аты жазылган Лазарас Мавростун Румда өткөрүлгөн аскердик машыгууга катышуусуна каршы чыкты.

Гирне аймагында катышкан ачылышта сөз сүйлөгөн Эрсин Татар, Рум тараптын тынчтык жана коңшулук карым-катнаштарынан кеп кылса дагы ал жерде Түркияга каршы нааразычылык жана адеп-ахлаксыз иш-аракеттер бар экенин белгиледи.

Татар:«Кипрдин Рум бөлүгүндө дин кызматчылардын курал кармаган машыгууга катышуусунан тышкары, (ПККнын корбашчысы) Абдуллах Өжаланга (грек журналист Лазарос Маврос) берилген жасалма паспортто аты жазылган адамдын машыгуу учурунда курал кармаганын көрдүк. Иштин кызык жагы Өжаланга Түштүк Кипр Рум Башкаруучлугунун паспортун берген башкаруучулар, ал ысымды (Маврос) учурда ал жердеги машыгууда колдонууда. Чындап эле буларды түшүнүп болбойт»,-деп айтты.

Рум тараптын бул мамилесин «клоун» жана «адамгерчиликсиздик» деп белгилеген Татар, Грециянын да Эгей аралдарында Түркияга каршы эл аралык келишимдерге каршы кадамдарды таштаганын айтты.

Эрсин Татар: «Греция ал жердеги (Эгей аралдары) кыймылдарын Чыгыш Жер Ортолук деңизге жайылтуу менен Анадолуну курчоого алабыз деп ойлойт, бирок мындай нерсе эч качан болбойт. Түрк улуту буга жол бербейт. Биз Түркия менен бирге мыйзам жана эл аралык келишимдерге таянган процессти ишке ашырып жатабыз»,-деп өз баасын берди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын дүйнөдө татыктуу орунду ээлей турганын жана келечекте экономикалык гүлдөп-өсүүсүн баса белгилеген Татар, бул болсо эң чоң тилеги экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар