Чавушоглу: «Азыр Кипрде эки мамлекеттүү чечим болушу керек»

Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) жолугушууларды өткөргөн Чавушоглу тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу менен кабинетинде болуп, жекеме-жеке жолугушуу өткөрдү.

1842264
Чавушоглу: «Азыр Кипрде эки мамлекеттүү чечим болушу керек»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу азыр Кипрде эки мамлекеттүү чечим болушу керектигин айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) жолугушууларды өткөргөн Чавушоглу тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу менен кабинетинде болуп, жекеме-жеке жолугушуу өткөрдү.

Чавушоглу сөзүндө Украинадагы согушка жана дүйнөлүк азык-түлүк кризисине көңүл буруп, ишкердик жана гуманитардык тышкы саясаттын алкагында Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укуктарын коргогондорун белгиледи.

Чавушоглу, бардык кыйынчылыктарга карабастан Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Кипр түрк калкын көз жаздымда калтыруунун мүмкүн эмес экенин баса белгилеп: «Сүйлөшүүлөр процесси боюнча биздин позициябыз (Кипрде) ачык. Биз Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш менен да жолуктук, биз ар бир платформада айтабыз, биздин позициябыз ачык жана так. (Кипрде) Эми бул жерде эки мамлекеттүү чечим болушу керек. Сүйлөшүүлөр эки бирдей эгемен мамлекеттин ортосунда башталышы керек. Биз Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Түркия катары ар бир платформада позициябызды билдиребиз. Бир гана БУУнун баш катчысына эмес, кызыкдар өлкөлөргө жана Европа Биримдигине (ЕБ) дагы түшүндүрүүдөбүз»,-деди.

Сапардын алкагында Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын дипломатиялык жана саясий тармактарда таштай ала турган кадамдарына да баа бере тургандарын белгилеген Чавушоглу, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын адилеттүү доосун эл аралык коомчулукка түшүндүрүү үчүн биргелешип иш алып баргандарын баса белгиледи.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министри Эртугрулоглу улуттук Кипр маселесин коргоону улантышарын билдирип: «Азыр Кипрде жаңы барак ачылды. Дээрлик 60 жылга созулган жана «коомчулуктар аралык сүйлөшүүлөр» деп аталган сүйлөшүү процесси 2017-жылы Кранс Монтанада кыйрады. 2017-жылдан бери жаңы барак ачылды, бул аралда тең укуктуу эки мамлекет жана бирдей эл аралык укуктарга ээ эки мамлекет чындыгы бар. Бул жылдар бою этибарга алынбаган, бирок ар дайым бар болгон бир чындык, мындан ары четке кагылышы мүмкүн эмес бир чындык катары алдыга чыкты»,-деди.

Эртугрулоглу Кипрдеги сүйлөшүүлөрдүн эки эгемен тең укуктуу мамлекеттин болушунун негизинде гана башталып, келечекти жакшы коңшулук мамилелер менен түзө аларын айтты.

Тышкы иштер министри Чавушоглу ТКТР менен болгон жолугушууларынын алкагында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана Лапта аймагынын жарандары менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар