Түрк аба жолдору учуу желесине Бухараны да кошту

Түрк аба жолдорунун 339 -  учуу пункту болгон Бухарага TK266 каттам саны менен конгон Airbus A321neo үлгүсүндөгү учак Бухара аэропортунан тосулуп алынды.

1839167
Түрк аба жолдору учуу желесине Бухараны да кошту

Түрк аба жолдору учуу желесине Орто Азияда 2 500 жылдык тарыхы бар жана ЮНЕСКОнун «Дүйнөлүк маданий мурасы тизмесинде» орун алган Өзбекстандын байыркы шаары Бухараны да кошту.

Түрк аба жолдорунун 339 -  учуу пункту болгон Бухарага TK266 каттам саны менен конгон Airbus A321neo үлгүсүндөгү учак Бухара аэропортунан тосулуп алынды.

Биринчи рейс болгону үчүн Бухара аэропортунун перронунда лента кесилди.

Бул жердеги салтанатта сөз сүйлөгөн Түркиянын Ташкент элчиси Олган Бекар Стамбул  -  Бухара каттамдарынын пайдалуу болушун каалады.

Түрк аба жолдорунун Бухарага каттамдарынын башташы Түркия менен Өзбекстандын ортосунда өнүккөн кызматташуунун чагылуусу экендигин белгилеген Бекар : «Президентибиз Режеп Таййип Эрдоган тарабынан ортого салынган максаттардын негизинде түрк аба жолдору да өзүнө түшкөн милдетти ийгиликтүү аткарууда. Бүгүн түрк аба жолдору Өзбекстанда 5 -  пунктка каттамын баштады. Өзбекстан аба жолдору да Түркияга каттамдарын улантууда. Жумалык каттам саны 40тан ашты. Ушундайча  өлкөлөрүбүздүн арасында жана өзгөчө тарыхый туризм борбору Бухара менен өлкөбүздүн ортосунда жаңы байланыштын дагы да өнүгөрүнө ишенем»,- деди.



Тектеш кабарлар