Кыргызстан - Тажикстан чек арасында кагылышуу болду

Кагылышууда 2 чек арачын жаракат алды.

1837503
Кыргызстан  -  Тажикстан  чек арасында кагылышуу болду

Кыргызстан  -  Тажикстан чек арасында болгон кагылышууда 2 кыргыз чек арачысы жаракат алды. Бирөөсүнүн абалынын оор экендиги билдирилди. 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз борбору берген маалыматта, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда чек ара эрежесин  бузуудан улам кагылышуу чыккандыгы билдирилди. Кагылышуунун өлкөнүн түштүгүндөгү Баткен облусунун Булак  - Башы отурукташуу жеринде болгондугу маалымдалды. 

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта кагылышууда 2 чек арачынын жаракат алгандыгы, алардын бирөөсүнүн абалынын оор экендиги жана Баткен облустук ооруканасына алып барылгандыгы белгиленди. 

 

 



Тектеш кабарлар