Шамахы Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору катары тандалды

Шамахыда Түрк Мамлекеттери Уюмунун (TМУ) туризмге жооптуу министрлеринин 7-жыйыны болуп өттү.

1832061
Шамахы Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору катары тандалды

Азербайжандын Шамахы шаары Түрк Мамлекеттери Уюму (TМУ) тарабынан Түрк дүйнөсүнүн 2023-жылкы туризм борбору болуп тандалды.

Шамахыда ТМУнун туризмге жооптуу министрлеринин 7-жыйыны болуп өттү.

Азербайжандын мамлекеттик туризм агенттигинин төрагасы Фуад Нагиев жана ТМУнун башкы катчысы Багдад Амреев модераторлук кылган жыйынга Өзбекстандын вице-премьер-министри, туризм жана маданий мурастар министри Азиз Абдухакимов, Түркия Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпаслан, Казакстандын Маданият жана спорт министринин орун басары Ержан Еркинбаев, жогорку бийлик өкүлдөрү, туризм боюнча жооптуу эксперттер жана Азербайжандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда TМУга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн ири шаарларынын ортосундагы каттамдардын санын көбөйтүү, туризм боюнча маалымат жана тажрыйба алмашуу, кышкы жана гольф туризминде кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө сыяктуу маселелер каралды.

Уюмга мүчө өлкөлөрдүн туристтик агенттиктер союздарынын ортосундагы карым-катнаштардын түзүлүшү да күн тартибине коюлган жыйында Азербайжандын Шамахы шаарынын 2023-жыл үчүн Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору катары тандалышына чечим чыгарылды.



Тектеш кабарлар