Мишель: «Азербайжан менен Армениянын чек ара комиссияларынын биргелешкен жыйыны өткөрүлөт»

Шарль Мишель кечээ Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушкандан кийин билдирүү жасады.

1830771
Мишель: «Азербайжан менен Армениянын чек ара комиссияларынын биргелешкен жыйыны өткөрүлөт»

Европа Биримдиги (ЕБ) кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Азербайжан менен Армениянын чек ара комиссияларынын биргелешкен жыйын өткөрө турганын билдирди.

Шарль Мишель кечээ Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушкандан кийин билдирүү жасады.

Үчүнчү жолу биргелешкен жыйын өткөрүшкөндөрүн белгилеген Мишель, Түштүк Кавказдагы абал, миналардын тазаланышы, камактагылардын бошотулушу жана дайынсыз жоголгондордун тагдырынын чечилиши сыяктуу темалар каралганын айтты.

Мишель, чек ара маселеси темасына токтолуп, эки өлкөнүн чек ара комиссиялары жакынкы күндөрү эки өлкөнүн чек арасы боюнча биринчи биргелешкен жыйынын өткөрөрүн, чек араларды аныктоо жана өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу маселелери карала турганын билдирди.

Алиев менен Пашиняндын эки өлкөнүн ортосундагы жүк ташуулардагы тоскоолдуктарды жоюу зарылчылыгы боюнча макулдашкандарын белгилеген Мишель, эки лидердин Азербайжан менен Нахчыван ортосундагы, ошондой эле Армениянын ар башка аймактарынын Азербайжан аркылуу өткөөлдөрүн аныктай турган жана эл аралык транспорт жана коммуникация инфраструктурасы принциптеринде макулдашканын белгиледи.

Мишель эки лидер макулдашкан принциптердин арасында чек араны башкаруу, коопсуздук, эл аралык ташууларда жол акы жана бажы маселелери бар экенин, бул маселелердин жакынкы күндөрдө эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери тарабынан карала турганын билдирди.

Шарль Мишель Алиев менен Пашиняндын эки өлкөнүн карым-катнаштарын аныктай турган тынчтык келишими сүйлөшүүлөрүн да алдыга жылдырууну макулдашканын айтты.

Бул маселенин алдыдагы апталарда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери башында турган делегациялар тарабынан карала турганын белгилеген Мишель, ЕБ социалдык жана экономикалык өнүгүү темасында эки тарап менен тең иштешерин айтты.

Мишель, Алиев жана Пашинян менен алар июль же август айларында кайрадан жолугушууну макулдашканын билдирди.



Тектеш кабарлар