Азербайжандын президенти Алиев Брюсселде

Шарль Мишелдин чакыруусу менен Брюсселге барган Алиев Мишель жана Пашинян менен үч тараптуу жыйналышта жолугушат.

1830412
Азербайжандын президенти Алиев Брюсселде

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барды.

Шарль Мишелдин чакыруусу менен Брюсселге барган Алиев Мишель жана Пашинян менен үч тараптуу жыйналышта жолугушат.

Жыйындын күн тартибинде Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтык келишимин даярдоо, чек араларды аныктоо, байланыш жана транспорттун ачылышы боюнча тиешелүү комиссияларда сүйлөшүүлөрдүн башталышы болот.

Мындан тышкары, жолугушууда миналардын тазаланышы менен катар гуманитардык маселелер, 1-Карабах согушунда жоголгон азербайжан жарандары, Армениядагы азербайжан элинин массалык көрүстөндөрү, тарыхый жана маданий эстеликтер темаларынын жыйналышта талкууланышы күтүлүүдө.

Алиев менен Пашинян 2021-жылдын 14-декабрында жана 2022-жылдын 6-апрелинде Шарль Мишельдин чакыруусу менен Брюсселде жолугушкан.



Тектеш кабарлар