Казакстан Түркия менен соода көлөмү тууралуу билдирди

Казакстан менен Түркиянын соода көлөмү бул жылдын биринчи чейрегинде 1, 5 миллион долларга жетти.

1830041
Казакстан Түркия менен соода көлөмү тууралуу билдирди

Казакстан Түркия менен соода көлөмү бул жылдын биринчи чейрегинде 1, 5 миллион долларга жеткендигин билдирди.

Казакстандын каржы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинен берилген маалыматка караганда бул жылдын  январь  -  март айларында өлкө эң көп тышкы соода кылган өлкөлөрдүн арасында Түркия үчүнчү орунду алды.

Бул мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү 1, 5 миллиард долларга жакындады. Ошол эле учурда Казакстандын Түркияга экспорту 1 миллиард 252 миллион доллар болуп ишке ашырылып, Түркиядан жасалган импорттун 236, 3 миллион долларга жеткендиги белгиленди.

Казакстандын Түркияга жасаган жалпы экспортунун 70,7 пайызын күйүүчү май жана энергетикалык продукциялар түздү. Экинчи орунду 25,9 пайыздык үлүш менен металл жана металл продукциялары алды. Ошол эле мезгилде эң көп машина, шайман жана аппарат буюмдары Түркиядан 26,2 пайыздык үлүш (62 миллион доллар) менен Казакстанга импорттолду. Экинчи орунда  20 пайыз (47,5 миллион доллар) менен текстиль жана текстиль буюмдары орун алды.

Казакстан менен Түркиянын ортосундагы соода көлөмү өткөн жылдын ошол эле мезгилинде 803, 1 миллион доллар болуп катталган. Мунун 545,2 миллион долларын Казакстандын Түркияга экспорту, 257, 8 миллион долларын да Түркиядан жасалган импорт түздү.



Тектеш кабарлар