Армения Азербайжан позицияларына ок атты

Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги маалымат берди.

1829537
Армения Азербайжан позицияларына ок атты

Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения армиясынын аскерлери  Азербайжандын чек арадагы  позицияларына ок атканын билдирди.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, кечээ түшкө жуук Басаргечер облусунун Ашагы Шоржа айылындагы армян позицияларынан Келбежер  облусунун Йелличе айылы багытындагы позициялардын аткыланганы билдирилди.

Билдирүүдө Азербайжан аскерлеринин да жооп кайтарганы белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар