Алиев: «Биз досторбуз, бир тууганбыз, эми расмий союздашпыз»

Ризе-Артвин аэропортунун ачылышына катышкан жана бул жерде сөз сүйлөгөн Алиев Түркияда кайрадан болгондугу үчүн абдан кубанычтуу экенин айтты.

1827166
Алиев: «Биз досторбуз, бир тууганбыз, эми расмий союздашпыз»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түркия менен өлкөсүнүн ортосунда кол коюлган Шуша декларациясы менен эки өлкөнүн карым-катнаштарынын союздаштык деңгээлине жеткенин белгилеп: «Биз досторбуз, бир тууганбыз, эми расмий союздашпыз»,-деди.

Ризе-Артвин аэропортунун ачылышына катышкан жана бул жерде сөз сүйлөгөн Алиев Түркияда кайрадан болгондугу үчүн абдан кубанычтуу экенин айтты.

Түркиянын күндөн-күнгө өнүгүп жатканын баса белгилеген Алиев: «Бүгүнкү күндө Түркия дүйнө жүзү боюнча күчтүү мамлекет жана өз сөзүнө ээ. Өлкө ичинде да чоң долбоорлорду ишке ашырууга кудуреттүү. Алардын арасында аэропорттор, дамбалар, жолдор, мектептер жана ооруканалар бар. Булардын баары Түркиянын күчүн көрсөтөт»,-деп айтты.

Алиев, Экинчи Карабах согушунун биринчи күнүнөн (27-сентябрь) акыркы күнүнө (2020-жылдын 10-ноябрына) чейин Президент Режеп Таййип Эрдоган жана түрк элинин Азербайжандын жанында болгонун баса белгилеп, бул согуштун эки өлкөнүн «орток тарыхы» экенине көңүл бурду.

Карабах согушунда Түркиянын колдоосун унутпай тургандарын баса белгилеген Алиев Карабахтын кайра курулушу үчүн Түркия менен бирге иштешкендерин айтты.

Илхам Алиев Түркия менен Азербайжандын ортосунда кол коюлган Шуша декларациясы менен эки өлкөнүн карым-катнаштарынын союздаштык деңгээлине жеткенине көңүл буруп: «Биз досторбуз, бир тууганбыз, эми расмий союздашпыз»,-деди.



Тектеш кабарлар