Азербайжан орус жетекчилеринин биологиялык лабораториялар тууралуу айткандарын четке какты

Бул тууралуу Азербайжанын Мамлекеттик коопсуздук кызматы билдирди.

1823455
Азербайжан орус жетекчилеринин биологиялык  лабораториялар тууралуу айткандарын четке какты

Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы айрым орус жетекчилеринин Азербайжанда үчүнчү өлкөлөрдүн каржылык колдоосу менен биологиялык изилдөө борборлору бар деген дооматтарын четке какты.

Кызматтын билдирүүсүндө, акыркы жылдары Россия  Федерациясынын бийликтери тарабынан үчүнчү өлкөлөрдүн каржылык колдоосу менен Азербайжанда биологиялык изилдөө борборлорунун иштеши боюнча ар кандай дооматтардын айтылып жаткандыгы белгиленди. 

Маалыматта эч кандай далилсиз ортого коюлган бул айыптоолордун Азербайжан коомчулугу тарабынан тынчсыздануу менен кабыл алынганы белгиленип : "Азербайжанда мындай илимий борборлор эч качан иштеген эмес. Өлкө элинин жана коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын ден соолугуна зыян келтире турган изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Мындай билдирүүлөрдүн Азербайжандан сурабай туруп  айтылганы өкүнүчтүү. Биздин өнөктөштүк мамилелерди эске алганда, экинчи тарап (Россия) күн тартибине алып келген маселе тууралуу так далил алып келе турган болсо изилдөөгө даярбыз",-   деп айтылды. 

Айрым оурс жетекчилер АКШнын колдоосу менен Украина, Молдова, Грузия жана Азербайжанда биологиялык изилдөө лабораторияларынын  бар экендигин ортого салышкан. 



Тектеш кабарлар