Президент Эрдоган менен президент Жапаровдун сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөштү өткөрдү.

1821784
Президент Эрдоган менен президент Жапаровдун сүйлөшүүсү

Кечээ, 3-майда Түркия тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду.

Биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттары жана кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин келечеги талкууланды.

Режеп Таййип Эрдоган Садыр Жапаровду Орозо Айт майрамы менен куттуктап, боордош кыргыз элине каалоо-тилектерин айтты. Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров да президент Режеп Таййип Эрдоганды Орозо Айт майрамы менен куттуктап, кыргыз тарап Түркия Президентинин сапарын күтүп жатканын жана Мамлекеттер аралык жогорку кеңешмени Кыргызстанда өткөрүүнү пландап жатканын дагы бир жолу белгиледи.



Тектеш кабарлар